Марал Радиосу

«Кыргыз алтындын» төрагасынын орун басары алмашты

Дамира Кебекова «Кыргыз алтын» Ачык акционердик коомунун башкармалыгынын мүчөсү жана башкармалыктын төрагасынын орун басары болуп шайланды. Бул тууралуу Кыргыз фонддук биржасынын сайтына жарыяланды.

Дайындоо жөнүндө чечим директорлор кеңеши тарабынан 2021-жылдын 1-апрелинде кабыл алынган.

Кебекова 2006-жылы «Сайма Телекомдун» каржы иштери боюнча директору болгон.