Марал Радиосу

«Кыргыз темир жолунун» директору Дашков кызматынан бошотулду

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Василий Дашков ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Дашков премьер-министр Улукбек Мариповдун 26-марттагы буйругу менен иштен кеткен.

Буга чейин социалдык тармактарда «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Василий Дашков отставкага кетерин жазып чыгышкан. Бирок ал жетектеген ишкананын маалымат кызматы 30-мартта бул билдирүүнү төгүндөгөн болчу.

Василий Дашковдун акыркы кызматтык визити 16-17-мартта Өзбекстандын Ташкент шаарына болгон. Анда ал «Узбекистон темир юллари» ачык акционердик коомунун төрагасы Хуснутдин Хасилов менен жолугушкан.

Василий Дашков «Кыргыз темир жолуна» өткөн жылдын 11-апрелинде ошол кездеги өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен жетекчи болуп дайындалган.

Ага чейин мамлекеттик ишкананын жетекчисинин инвестиция тартуу жана курулуш маселелери боюнча орун басары болуп келген. Темир жолдо 2006-жылдан бери эмгектенип келет.

Кошумчалай кетсек, буга чейин иликтөөчү журналистер Али Токтакунов менен Болот Темиров аталган тармактагы тендерлерди Дашковдун өзүнүн компаниялары утуп келгендигин жарыялашкан.