Марал Радиосу

Башкы штабдын башчысы да генерал наамын алды

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Эрлис Тердикбаевге генерал-майор жогорку аскердик наамы берилди. Тийиштүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат кызматы кабарлады.

Эрлис Тердикбаев президенттин 29-марттагы буйругуна ылайык, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы болуп дайындалды. Ал ага чейин Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы болгон.

Сыймык Жапыкеевге генерал наамы ыйгарылат