Кош бойлуу жана бала эмизген аялдар, 18 жашка чейинкилер коронавируска каршы эмделбейт. Анткени бул топтогу адамдарга текшерүү жүргүзүлгөн жок. Бул тууралуу №12 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун орун басары Диляра Искакова «Маралга» билдирди.
Анын айтымында, 18 жашка чейинкилерде илдет жеңил формада өтөт. Эмдөө жүргүзүлбөгөн себеби: алардын арасында ооругандар аз.
Коронавирус жок болушу үчүн калктын 70%дан ашыгы илдетке каршы эмдөөдөн өтүшү керек. Вируска чалдыгып, сакайып чыккан адам да 6 айдан соң эмдөөдөн өтсө болот, коркунуч жок. Организм 6 айга чейинки иммунитетти камсыз кылат. Андан ары иммунитет акырындык менен төмөндөп баштайт.