Марал Радиосу

УКМК: Бишкектин Ленин районунун акими кармалды

Бюджеттик каражатты туура эмес сарптоо фактысы боюнча Бишкектин Ленин райондук администрация башчысы Чынасыл Чыныбаев кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүмү (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуп жиберүү) боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык администрация башчыларынын бири кармалган.

Кармалган адам бюджеттик каражаттарды үгүт иштери үчүн депутаттыкка талапкерлердин бирине мыйзамсыз бөлүп берген. Бул бюджеттик каражаттар Бишкектеги аймактардын бирин жакшыртууга арналган. Ал Бишкектин Ленин районунун акими Чынасыл Чыныбаев экени маалым болду.

Кармалган аким УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

УКМК Бишкек шаардык кеңешине шайлоо учурунда шайлоо мыйзамдарынын бузулушун аныктоо жана бөгөт коюу боюнча тийиштүү иштерди улантууда.