Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы биринчилерден болуп эмделет. Эмдөө 29-мартта Бишкектеги медпункттардын биринде өтөт.
Ошондой эле Бейшеналиев президент Садыр Жапаровдун вакцинациядан өтүүнүн зарылчылыгы жоктугун, анын антителосу бар экендигин айтты.
Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөнүн биринчи этабы 29-мартта башталат.
Учурда Ош шаарына жана Чүй облустарына вакцина жеткирүү иштери аткарылууда. Ошондой эле илимий-техникалык адистер тобу тарабынан колдоо процесси жүрүүдө.
Республиканын бардык аймактарында медкызматкерлер үчүн атайын окутуп-үйрөтүүлөр өтүп жатат.
Эмдөө алгач Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда жүргүзүлөт. Бишкекте 5 үй-бүлөлүк медицина борборунда эмдөө пункту ачылат. Сокулук жана Ысык-Ата райондорундагы үй-бүлөлүк медицина борборлорунда 2 пункт, Ош шаарында №8, №10 үй-бүлөлүк медицина борборунда 2 пункт ачылат.