Марал Радиосу

Дин иштери боюнча комиссиянын директорунун орун басары алмашты

Гүлназ Исаева Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Гүлназ Исаева — диний маселелер жана дин аралык диалог боюнча адис. Буга чейин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын кызматкери болуп иштеп келген.