Марал Радиосу

«Жерүй»: Лицензияны кайтарып алууга саясий эрк жетпейт»

Кыргызстан «Жерүй» алтын кени боюнча Орусия тарап менен келишимди бузушу керек болчу, азыр кеч. Бул тууралуу журналист, саясий эксперт Айданбек Акматов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан «Жерүйдөн» 50% таза алтын алышы керек эле.

Мурдараак кенди берүүдө Кыргызстандын кызыкчылыктары эске алынбаганын айтып, келишимди бузууга болмок.

«Тилекке каршы, процесс кетти. Лицензияны кайтарып алууга саясий эрк жетпейт, мамлекет көп жагынан мажирөө абалда. Орусиянын алдында көз карандылыгыбыз көп тараптуу. Орусия жыл сайын 5 млрд долларды алып кетет да, садака бергендей бизге 39 млн доллар беришинин эмне кереги бар? Бул — уят нерсе! Орусия алаксытып, «упчу эмизип» коёт. Бул эмне деген саясат?!» — дейт Акматов.