Марал Радиосу

Жөлөк пул 3000 сомдон болот, — деп тарап жаткан маалымат — калп

«Президент Садыр Жапаров 3 же анда ашык баласы бар үй-бүлөлөргө 3 миң сом өлчөмүндө социалдык жөлөк пул төлөө жөнүндө жарлыкка кол койду» деген маалымат — жалган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө айтылат.

Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактар жана WhatsApp аркылуу «3 же андан ашык баласы бар үй-бүлөлөргө жөлөк пул катары 3 миң сомдон жардам берилет экен» деген маалымат тараган.

Буга байланыштуу министрлик жарандардан туура эмес маалыматтарды жайылтпоону жана коомчулукту адаштырбоону суранат.