Марал Радиосу

Илон Маск казак студенттери менен онлайн баарлашат

Дүйнөгө таанымал америкалык ишкер Илон Маск казак студенттери менен онлайн баарлашат. Бул тууралуу Европалык экономика, бизнес жана укук жогорку мектебинин негиздөөчүсү Талгат Туремуратов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

“SpaceX» жана «Tesla» компанияларынын негиздөөчүсү, башкы директору, башкы инженери Илон Масктын менеджери менен узак убакыт кат жазышкандан кийин, Казакстандагы жогорку мектептин студенттери менен Zoom платформасында жолугушуу өткөрүү боюнча макулдаштык», — деди Туремуратов.

Аталган жолугушуу 2021-жылдын 1-майына пландалып жатканын, жана ага карата өлкөнүн Билим берүү жана илим министрлиги тагыраак маалымат чыгара турганын кошумчалады.

«Казакстандык миллиардердин китеп окуу ыкмасын сунуштайм»