Казакстандын Караганда, Түндүк Казакстан, Павлодар жана Акмола облустарында 12-мартта абанын температурасы төмөндөйт. Бул тууралуу Казгидромет жарыялады.
Анда айтылгандай, суук 30 градуска жетет.
Синоптиктердин билдирүүсү боюнча, өлкөнүн батышында жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым аймактарда туман, шамал, жаан-чачын болушу ыктымал.
12-мартка карата көпчүлүк аймактарда аба ырайы начарлап, жолдор тайгак жана тоңголок болору айтылгандыктан Казакстанда облустар аралык жолдор убактылуу жабылган.