Марал Радиосу

Бир суткада коронавирус 52 адамдан табылып, 52 бейтап айыкты

Кыргызстанда акыркы бир суткада коронавирус 52 адамдан табылып, 52 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 26, Чүй облусунда – 16, Ош облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 2, Баткен облусунда – 2 адамдан коронавирус табылып, 52 адам айыгып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгон учур катталган жок.

Бүгүнкү күндө стационарларда 291 бейтап, амбулатордук түрдө 264 бейтап дарыланууда.

Медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок. Пандемия башталгандан бери жалпы 4 миң 206 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 195 медкызматкер айыгып чыккан.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 692 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 718и айыгып чыкса, 1 миң 476 бейтап көз жумган.