Марал Радиосу

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү алмашты

Эркин Тентишев Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.

Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү кызматын буга чейин Мирбек Мияров аркалаган. Ал 2020-жылдын 14-октябрында дайындалган эле.

Былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо Мирбек Мияров «Ордо» саясий партиясын баштап барган. Жокко чыгарылган шайлоонун алдын ала жыйынтыктарында партия 0.22% добуш алган.