Марал Радиосу

Бакытбек Нарбеков Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү болду

Бакытбек Нарбеков Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.

Бакытбек Нарбеков буга чейин президенттин жана парламенттин иш башкармалыктарында бөлүм башчы болуп эмгектенген. 2020-жылы 4-октябрда өтүп, жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо «Биримдик» партиясынан талапкер болгон.

Эске салсак, Талас облусунун буга чейинки жетекчиси Айбек Бузурманкулов 5-мартта кызматынан бошотулган.