Быйыл Бишкектин 43 көчөсүндө оңдоп-түзөө иштери жүрөт. Бул тууралуу Жол жана транспортту өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурдин Есенбаев «Маралга» берген маегинде билдирди.
Маалыматка ылайык, Кытай грантынын негизинде 2021-2022-жылдарда Бишкек шаары боюнча 60 көчөгө асфальт басуу каралууда. Алардын жалпы узундугу 70.8 чакырымды түзөт.
Ленин районунда 25, Октябрь районунда 12, Свердлов районунда 9, Биринчи май районунда 13 көчө оңдоп-түзөөдөн өтөт.
Алардын ичинен Бектенов, Матросов, Жукеев-Пудовкин, Койбагаров көчөлөрү оңдолот.
15-марттан тарта калаадагы Түгөлбай-Ата, Көкчө-Тоо, Сухэ-
Быйылкы жылдын эсебинен жаңы конуштагы көчөлөрдү оңдоп-түзөө да каралган.