Маратбек Чолпонкулов «Кыргызалтын» ААКнын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Чолпонкулов «Кыргызалтындын» директорлор кеңеши тарабынан тандалып алынган.
Чолпонкулов Маратбек Абжалбекович — 1962-жылы 28-августта туулган. Билими жогорку. 1986-жылы Фрунзе политехникалык институтунун тоо иштерин автоматташтыруу жана электрлештирүү факультетин «тоо инженер-электриги» адистиги боюнча аяктаган.
«Кыргызалтындын» ага чейинки төрагасы Эльмырза Үкүбаев пара талап кылууга жана пара алууга шектелип кармалган.