Марал Радиосу

Элмирбек Иманалиев атындагы китепкана ачылды

Жалал-Абад облусунда КР эл артисти, төкмө акын Элмирбек Иманалиев атындагы китепкана ачылды. Бул тууралуу акындын санаалаштары маалымдады.

Китепкана Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарында жайгашкан. Китепкананы ачуу демилгеси «Адеп башаты» фондуна таандык.

Кошумчалай кетсек, замандын залкары, эл уулу Элмирбек Иманалиев 2020-жылдын 20-апрелинде 42 жашында оорудан улам көз жумган. Көзү тирүү болгондо 17-январда 43 жашка толмок.