Марал Радиосу

Бишкектеги беш батирдин акчасын алып качып кеткен жаран кармалды

Ири алдамчылыкка айыпталып жаткан жаран Бишкек шаарынан кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук Ички иштер башкармалыгы билдирди.

Алардын маалыматында, И. Э. жана М. Э. аттуу жарандар 2019-жылдын 4-мартында беш батирди кеңсеге алмаштырып берүү убадасы менен акча алып, качып кетишкен. Жарандар 21 миллион сом зыян тартышкан.

Шектүүлөрдүн бири 1986-жылы туулган И.Э. кармалып, эки айга камалды. Экинчиси издөөдө.