Марал Радиосу

10 жаштагы Нурмухаммед жаңы рекорд жаратты

10 жаштагы кыргызстандык Нурмухаммед Ташмаматов нунчак менен пинг-понг топторун уруу боюнча рекорд койду.

Ал Орусиянын «Биринчи каналындагы» «Я почти знаменит» шоу-берүүсүнө катышып, рекорд койгон. Нурмухаммед бир мүнөттүн ичинде топту нунчак менен 49 жолу ура алган.

«Интеррекорд» эл аралык агенттиги расмий түрдө кыргызстандык окуучунун рекордун тааныды. Ага сертификатты агенттиктин башкы директору тапшырган.

Эске салсак, Нурмухаммед Ташмаматов 6 жашында Макси Галкиндин «Лучше всех» берүүсүнө катышып, көрөрмандарды таң калтырган.

Брюс Линин жолун жолдогон Нурмухаммед