Марал Радиосу

Жапаров: Райондорго 44 орус тилдүү мектеп-интернат курулат

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген кезектеги маегинде Орусияга болгон биринчи чет элдик иш сапарынын жыйынтыктары тууралуу айтып, андагы маанилүү маселелердин бири Кыргызстандын ар кайсы районуна 44 орус тилдүү мектеп-интернат куруу тууралуу келишим болгонун билдирген.

Анын айтымында, аталган орус тилдүү мектеп-интернаттарга Орусиядан педагогдор тартылат.

«Москвадагы жолугушууларда талкууланган бардык маселелер маанилүү. Биздин республиканын коопсуздугун коргоо үчүн Орусия бере турган аскердик-коргоо жардамын бөлүп көрсөтсөк болот. Андан кийин өзүңүз билгендей, Кыргызстандын ар кайсы районуна 44 орус тилдүү мектеп-интернат куруу тууралуу жетишилген келишим. Ага Орусиядан педагогдор тартылат» , — деди мамлекет башчысы.

Мындан тышкары «Газпром» линиясы боюнча газга жана күйүүчү-майлоочу майга жаңы тариф саясаты жана Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда туруктуу аба каттамдарын калыбына келтирүү маселелери талкуулана баштаганын кошумчалаган.