Марал Радиосу

Ташкентте белгисиз затка ууланып, беш студент көз жумду

Ташкент шаарында билим алып жаткан беш студент белгисиз затка ууланып каза болду. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымтка ылайык, кечээ 27-февралда саат 20.50дө Ташкенттин Юнусабад районундагы жеке үйлөрдүн биринде Өзбекстандын борборундагы үч башка университеттин беш студентинин сөөгү табылды.

«Соттук-медициналык экспертизанын алдын ала корутундусуна ылайык, студенттердин өлүмүнө белгисиз зат менен курч уулануусу себеп болду», — деп айтылат Башкы прокуратуранын Телеграм каналындагы билдирүүсүндө.

Министрликтин маалыматына ылайык, Ташкент шаарынын Юнусабад районунун прокуратурасы студенттердин өлүмү боюнча Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин «өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу, натыйжада бир нече адамдын өлүмүнө алып келген» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Учурда кылмыш иши Башкы прокуратуранын көзөмөлүнө алынып, тергөө иштери журүп жатат.