Быйыл 10-январда президенттик шайлоого ат салышкан 13 талапкер Facebook социалдык тармагына 300дөн ашык жарнамалык ролик жайгаштырган. Мындай маалыматты «Жалпы иш» коомдук фонду таратты.
Фонд 2020-жылдын 17-декабрынан 2021-жылдын 15-январына чейинки мезгилде талапкерлердин Фейсбуктагы публикацияларына байкоо жүргүзгөн. Негизги маалыматтар Фейсбуктун рекламалык борборунан алынган. Бул баарына жеткиликтүү.
№ | Талапкердин аты-жөнү | Посттун же публикациянын саны | Кеткен каражат |
1 | Элдар Абакиров | 74 | 947 доллар |
2 | Курсан Асанов | 68 | 1802 доллар |
3 | Аймен Касенов | 52 | 1935 доллар |
4 | Бабур Төлбаев | 38 | 2172 доллар |
5 | Абдил Сегизбаев | 24 | 313 доллар |
6 | Улукбек Кочкоров | 16 | 903 доллар |
7 | Бактыбек Калмаматов | 11 | 658 доллар |
8 | Канатбек Исаев | 10 | 350 доллар |
9 | Жеңишбек Байгуттиев | 7 | 100 доллар |
10 | Равшан Жээнбеков | 6 | 100 доллар |
11 | Адахан Мадумаров | 1 | 100 доллар |
12 | Каныбек Иманалиев | 1 | 100 доллар |
13 | Арстанбек Мыктыбек | 1 | 100 доллар |
«Жалпы иш» коомдук фондунун маалыматына караганда, Facebookтагы жарнама үчүн коротулган акча Борбордук шайлоо комиссиясынын отчетунда белгиленген эмес.