Марал Радиосу

Президент Садыр Жапаров Москвага барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-февралда биринчи чет элдик иш сапары менен Орусиянын борбору Москва шаарына барды. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалымат кызматы кабарлады.

Иш сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаров Орусиянын Президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Ошондой эле Садыр Жапаров Орусия премьер-министри Михаил Мишустин, Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко жана Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен да жолугушууларды өткөрөт. Мындан тышкары Орусиянын ишкер чөйрөсү менен баарлашуусу, ошондой эле мекендештер жана Орусияда билим алган кыргызстандык студенттер менен кездешүүсү да каралган.

Президенттин алгачкы чет элдик сапарынан күтүүлөр