Марал Радиосу

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун жетекчиси алмашты

Самат Медеров Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Фонддон кабарлашты.

Буга чейин Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун Алдаярбек Тойгоналиев жетектеген. Ал ден соолугуна байланыштуу өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

Самат Медеров 1976-жылы 27-июнда туулган. Эки жогорку билимге ээ.