Марал Радиосу

Коронавирустан дагы 73 бейтап сакайды

Бир сутка ичинде пневмонияны эсепке алганда коронавирус инфекциясы 70 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штаб билдирди.

Вирустун жаңы табылган учурлары төмөнкү аймактарда катталды:

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми бир суткада стационардан – 2, үй карантининен — 4 медкызматкер чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 4201 учур катталды, алардын ичинен 4132 медкызматкер сакайды.

Акыркы суткада 73 бейтап COVID-19 илдетинен сакайып чыкты:

COVID-19 илдетинен 1 бейтап каза тапты.

Коронавирус жуктургандардын жалпы саны 85 689кө жетти. Анын 82 525и сакайып чыкса, 1447 бейтап каза тапты.