Марал Радиосу

15-февраль: Өлкөдөгү кадрдык жүрүштөр (тизме)

Бүгүн өлкөдө бир катар кадрдык дайындоолор орун алды. Тактап айтканда, Баткен облусунун башчысы, анын орун басары жана Ички иштер министрлигинин курамында да ротациялар жүрдү. Ошондой эле Финансылык чалгындоо кызматына жаңы жетекчи жана өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары, өкмөт башчынын жаңы кеңешчиси да дайындалды:

-Генерал Өмүрбек Суваналиев Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.

-Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутов берген арызына ылайык, ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Аталган кызматка Маруфхан Тулаев дайындалды.

Орозов Акылбек Курбанбекович Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 89-беренесинин 7-пунктуна ылайык, Баткен облусунун Баткен райондук мамлекеттик администрация башчысы – акими болуп дайындалды.

-Жаныбек Жалалов Өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.

-Профессор Каныбек Осмоналиев өкмөт башчы Улукбек Мариповдун буйругу менен премьер-министрдин кеңешчиси болуп дайындалды.

-Премьер-министрдин дагы бир буйругу менен Канатбек Тургунбеков Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы болду. Ал эми мурдагы башчы Гуламжан Анарбаев салтанаттуу түрдө узатылды.

Ал эми Ички иштер министрлигинде дээрлик бардык облустардын жетекчилери алмашты.