Марал Радиосу

Кыргызстандык жаш футболчу Беларусиянын «Неман» клубунда ойнойт

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын жарым коргоочусу Алимардон Шукуров беларусиялык «Неман» клубу менен келишимге кол койду. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди.

Маалыматка ылайык, Алимардон Шукуров «Неман» клубу менен 3 жылдык келишимге кол койгон. Ал буга чейин түркиялык «Болуспор» клубунда ойноп келген.

«Неман» — Беларусиянын Жогорку лигасындагы клуб. Анда буга чейин кыргызстандык дагы бир футболчу Гүлжигит Алыкулов да ойногон.

Гүлжигит Алыкулов ойногон команда Казакстандын чемпиону болду