Марал Радиосу

Карганбек Самаковго чыгарылган сот өкүмдөрү жокко чыгарылды

Жогорку Соттун 3-февралдагы токтому менен буга чейин Карганбек Самаковго чыгарылган сот өкүмдөрү жокко чыгарылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматта Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2017-жылдын 19-декабрындагы жана Бишкек шаардык сотунун 2018-жылдын 1-июнундагы Карганбек Самаковго чыгарган өкүмдөрү жокко чыгарылып, жазык иши жаңыдан кароо үчүн Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна жөнөтүлгөнү айтылат.

Белгилей кетсек, 2017-жылы 19-декабрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковду 262 гектар жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялоо боюнча айыптуу деп тапкан. Мунун негизинде экс-депутатты 10 жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоо чечимин кабыл алган.

«Биз «Манасты» сыйласак, келечек бизди сыйлайт»