Марал Радиосу

Кыргызстан январда карызды төлөөгө эки миллиард сом сарптады

Кыргызстан ушул жылдын январь айында мамлекеттик карызды (тышкы-ички) тейлөөгө дээрлик 2,4 миллиард сом сарптады. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тышкы карызды төлөөгө 1,5 миллиард сом, ал эми ички милдеттенмелерди жабууга 0,9 миллиард сом бөлүнгөн.

Тышкы карызды төлөөнүн түзүмү:

Ички карыздарды төлөө түзүмү:

Эске салсак, 2020-жылдын аягында Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 4 миллиард 928 миллион долларды (407 миллиард 353 миллион сом) түзгөн. Анын ичинен тышкы карыз — 4 миллиард 230 миллион доллар, ички карыз — 708 миллион доллар.