Марал Радиосу

Кыргызстандын алты дзюдочусу Израилдеги эл аралык турнирге катышат

Кыргызстандык алты дзюдочу эл аралык Tel Aviv Grand Slam Israel турнирине катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.

Маалым болгондой, спорттук иш-чара 18-20-февраль күндөрү Израилдин Тель-Авив шаарында өтөт.

Мелдешке төмөнкү дзюдочулар барат:

Спорт агенттиги мелдешке катыша турчу дзюдочулар менен машыктыруучулар республикалык жана эл аралык мелдештердин календарлык планына ылайык жөнөтүлгөнүн белгиледи.