Марал Радиосу

Коронавируска чалдыккандардан эмдөө алгандар көбүрөөк

Коронавирус инфекциясына каршы эмделген адамдардын саны вирус жугузгандардын санынан ашып кетти. Бул тууралуу Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебреисус билдирди.

«Дүйнөдө эмдөөлөрдүн саны инфекция жугузгандардын санынан ашып кетти», — деди ал.

Гебреисус кошумчалагандай, эмдөөдөн өткөндөрдүн төрттөн үчү — 10 өлкөнүн калкы. Алар алган вакцина дүйнөлүк ИДӨнүн 60%ын түзөт.

Жалпы жонунан 2,5 миллиард калкы бар 130га жакын өлкөдө эмдөө баштала элек. Мындан улам ал медициналык кызматкерлерди жана кары-картаңдарды эмдөөдөн өткөргөн мамлекеттерди дары-дармектерин башка өлкөлөр менен бөлүшүүгө чакырды.

Буга чейин ДССУнун эксперти Мария ван Керховен COVID-19дун дүйнөдө жайылышынын деңгээли төмөндөгөнүн айткан.

ДССУнун маалыматы боюнча, пандемия учурунда дүйнөдө 104 миллиондон ашуун адам коронавируска чалдыккан. Алардын ичинен 2 миллиондон ашууну көз жумган.

ДССУ: Коронавирустун жайылышы басаңдады