4-февралда Бухара шаарындагы Ислам Каримов көчөсүндө курулуп жаткан сегиз кабаттуу үйдө газ жарылган.
Жарылуу үчүнчү кабатта болгон, мунун кесепетинен 12 киши жабыркаган. Алардын баары ооруканага жеткирилген, айрымдарынын абалы оор.
Соттук-медициналык жана курулуш-техникалык экспертизалар дайындалды.
Бул факт боюнча «өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу» беренеси менен кылмыш иши козголду. Тергөөнү облустук прокуратура өз көзөмөлүнө алды.
Кырсык болгон жерде куткаруучулар иштеди.