Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан: 8 кабаттуу үйдө газ жарылып, 12 адам жабыркады

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Фев 2021 | 614 | 0

4-февралда Бухара шаарындагы Ислам Каримов көчөсүндө курулуп жаткан сегиз кабаттуу үйдө газ жарылган.

Жарылуу үчүнчү кабатта болгон, мунун кесепетинен 12 киши жабыркаган. Алардын баары ооруканага жеткирилген, айрымдарынын абалы оор.

Соттук-медициналык жана курулуш-техникалык экспертизалар дайындалды.

Бул факт боюнча «өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу» беренеси менен кылмыш иши козголду. Тергөөнү облустук прокуратура өз көзөмөлүнө алды.

Кырсык болгон жерде куткаруучулар иштеди.

Copyright © 2017 Maral FM