АКШ президенти Жо Байден өлкөнүн миграциялык саясат сферасына байланышкан 3 жарлык кабыл алды. Буйруктардын бири: «АКШ менен Мексиканын чек арасында балдарынан бөлүнүп калган мыйзамсыз мигранттарды үй-бүлөсү менен табыштыруу жөнүндө».
Калган жарлыктар миграциянын себебин аныктоо, ошондой эле Түндүк жана Борбордук Америкадагы баш калка издегендердин коопсуздугун түзүү, өлкөдөгү иммиграциялык системага ишеним орнотуу маселелери боюнча кабыл алынган.