Марал Радиосу

Жапаров: Кимге кызмат жетпей калса эле, министрлик ачып бере беришкен

Президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Өкмөттүн жаңы курамы тууралуу айтылгандарга жооп кайтарды.

Анын билдирүүсүндө Октябрь окуялары өлкөнүн абалын, мамлекеттик башкаруу системасын жакшыртуу, өлкө казынасынан акча уурдоону токтотуу, ашыкча мамлекеттик органдарды оптимизациялоо максатында жасалганы айтылат.

Жапаров «Мен революция жасадым, демек, өмүр бою ушул позицияда калышым керек, аны жоюуга болбойт» деп айтпоого чакырды.

Мындан тышкары, кадр саясаты боюнча айтылгандарга жооп берди. Ал «Акаевдин, Бакиевдин, Жээнбековдун кадрлары» деген түшүнүктөн арылууга үндөдү.

«Ушундай жол менен кете берсек, өлкөбүздөн компетенттүү адистерди таба албайбыз, башка планетадан издөөгө туура келет», — деди Жапаров.

Президент министр кызмат ордуна сунушталган тигил же бул талапкерди сынга алгандарга да жооп берди.

Төмөндө Жапаровдун кайрылуусу толук берилди: 

Биз: «Өлкөбүз оңолсун, мамлекеттик башкаруу иретке салынсын, казынадан уурдагандар токтосун, ашыкча кызматтар жоюлсун», — деп революция кылганбыз. «Мен революция жасагам, ошол үчүн ушул кызматта өмүр бою олтурушум керек, жоюлбасын» деген түшүнүктөн алыс бололу. Бул — бир.

Экинчиси, кадр саясаты боюнча. «Бул Акаевчи болчу, бул Бакиевчи болчу, бул Атамбаевчи же Жээнбековчу болчу» деген эски түшүнүктөрдү токтотолу. Минтип отурсак, анда өлкөбүздүн ичинен бир да татыктуу кадр таппайбыз. Башка планетадан издешибиз керек болот.

Үчүнчүсү, «баланча министрликке Садыр Жапаровго душман болуп жүргөн, аны камаганга салым кошкон кадр бара жатат» деп сындагандарга айтаарым, азыр бизде душмандаша же туугандаша турган мезгил эмес. Эл үчүн, мамлекеттин келечеги үчүн өткөн-кеткенди унуталы. Сабырдуу бололу. Кудай сабырдуулар тарапта.

Ар бир министрликке мурдагыдай тааныш-билишти эмес, ошол министрликтин адисин алып бара жатабыз. Мындан ары «бөдөнөнү сойсо да, касапчы соет». Эгерде мурдагыдай көндүм адатын жасап, уурдай баштагандар болсо, дароо камалышат.

Төртүнчүсү, бүгүнкү күндө жалпысынан 48 министрлик, комитет, агенттик жана башка ведомство бар экен. Кимге кызмат жетпей калса эле, министрлик ачып бере беришкен. Элге кылган кызматы же пайдасы жок, казынадан миллиарддарды жеп олтурушат. Таблицадан көрүп турганыңардай, ошонун баарын кыскартып, 12 эле министрлик калтырдык. Бир эле энергетика системасынан 2 миллиард сом үнөмдөлүп жатат. Кичинекей Кыргызстан үчүн керек болсо 12 министрлик да көптүк кылат. Бирок азырынча ушундай кылдык.

Ар бир чечимди «жети өлчөп, бир кесип жатабыз».

Бир революционердин кызыкчылыгын көздөп, алты жарым миллион элдин кызыкчылыгын тебелебейли.

Сыймык Жапыкеев Финполдун жоюлушу тууралуу пикирин билдирди