Марал Радиосу

ТүркСОЙ менен «Манас» жана Чыңгыз Айтматов академиясы кызматташат

Эл аралык Түрк маданиятын жана өнөрүн таанытуу уюму (ТүркСОЙ) менен Кыргызстандын «Манас» жана Чынгыз Айтматов улуттук академиясы кызматташа турган болду.

Бүгүн, 29-январда уюмдун башкы катчысы Дүйсен Касейинов менен академиянын президенти Топчубек Тургуналиев «Эки тараптуу кызматташтык жөнүндө» келишимге кол коюшат.

Иш-чара саат 16.00гө белгиленген. 

Жыйынга ТүркСОЙдун жооптуу кызматкерлери, Казакстандын жана Кыргызстандын бир катар саясий, маданий жана коомдук ишмерлери, илимпоздор, окумуштуулар катышып, кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланат.