Марал Радиосу

Журналисттер эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу инаугурацияга чакырылган жок

Жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун ант берүү аземи республикалык телеканалдар аркылуу түз алып көрсөтүлөт. Журналисттер чакырылган жок.

Президенттин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, иш-чарага негизинен катардагы жарандар, коомдук ишмерлер, чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү чакырылган.

Журналисттердин чакырылбаганын өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал менен байланыштырышты. Маалыматка караганда, иш-чараны онлайн чагылдыруу үчүн шарт түзүлөт.

Ант берүү аземине жергиликтүү жана  чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери конок катары чакырылат.

Садыр Жапаровдун ант берүү аземи 28-январда өтөт.