Марал Радиосу

COVID-19 илдетине 93 адам чалдыгып, эки бейтап каза тапты

Бир сутка ичинде пневмонияны эсепке алганда коронавирус инфекциясы 93 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штаб билдирди.

Вирустун жаңы табылган учурлары төмөнкү аймактарда катталды:

Бишкек — 27

Ош — 2

Чүй облусу — 29

Ош облусу — 4

Талас облусу — 2

Нарын облусу — 1

Ысык-Көл облусу — 21

Жалал-Абад облусу — 5

Баткен облусу — 2

Илдет илээштиргендердин бирөө — медицина кызматкери. Ал эми бир суткада стационардан 1, үй карантининен 1 медкызматкер чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 4164 учур катталды, алардын ичинен 4072 медкызматкер сакайды.

Акыркы суткада 108 бейтап COVID-19 илдетинен сакайып чыкты:

Бишкек — 38

Ош — 2

Чүй облусу — 35

Ош облусу — 3

Нарын облусу — 3

Ысык-Көл облусу — 23

Жалал-Абад облусу — 1

Баткен облусу — 3

COVID-19 илдетинен Чүй облусунда бир жана Талас облусунда бир бейтап көз жумду.

Коронавирус жуктургандардын жалпы саны 83 796га жетти. Анын 79 772си сакайып чыкса, 1398 бейтап каза тапты.