2020-жылдын декабрында коронавирус инфекциясы менен ооругандардын саны ноябрга салыштырмалуу 2,7 пайызга төмөндөдү.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматтары боюнча, 2020-жылдын декабрында коронавирус инфекциясынын 14 миңден ашык учуру катталган.
2020-жылы аймактар боюнча коронавирус инфекциясы (COVID-19) менен ооругандардын саны:
Бардыгы | Калктын 100 миңине | |||||
октябрь | ноябрь | декабрь | октябрь | ноябрь | декабрь | |
Кыргыз Республикасы | 13 035 | 14 056 | 13 705 | 202 | 218 | 212 |
Баткен облусу | 2 418 | 1 204 | 381 | 455 | 227 | 72 |
Жалал-Абад облусу | 2 506 | 2 272 | 834 | 204 | 185 | 68 |
Ысык-Көл облусу | 908 | 1 294 | 1 116 | 184 | 263 | 226 |
Нарын облусу | 113 | 218 | 165 | 39 | 76 | 57 |
Ош облусу | 2 508 | 1 335 | 469 | 185 | 99 | 35 |
Талас облусу | 359 | 517 | 214 | 135 | 195 | 81 |
Чүй облусу | 1 012 | 2 656 | 7 737 | 106 | 279 | 814 |
Бишкек шаары | 2 432 | 3 890 | 2 547 | 234 | 374 | 245 |
Ош шаары | 779 | 670 | 242 | 255 | 219 | 79 |
Өткөн жылдын декабрында ноябрга салыштырмалуу катталган коронавирус инфекцияларынын санынын төмөндөгөнү республиканын Чүй облусунан башка бардык аймактарда белгиленди.
Ал эми Чүй облусунда катталган учурлардын жалпы санынын жарымынан көбүн (56 пайызын) түзүп, дээрлик 3 эсеге көбөйдү.
Өткөн жылдын декабрында ноябрга салыштырмалуу калктын 100 миңине алганда оорулардын саны 2,7 пайызга төмөндөдү, ал эми октябрь айына салыштырмалуу, тескерисинче, 5 пайызга көбөйдү.