Биз менен байланышыңыз

Былтыр декабрда ноябрга салыштырмалуу коронавирус менен ооругандардын саны төмөндөдү

Кыска кабар | 22 Янв 2021 | 488 | 0

2020-жылдын декабрында коронавирус инфекциясы менен ооругандардын саны ноябрга салыштырмалуу 2,7 пайызга төмөндөдү.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматтары боюнча, 2020-жылдын декабрында коронавирус инфекциясынын 14 миңден ашык учуру катталган.

2020-жылы аймактар боюнча коронавирус инфекциясы (COVID-19) менен ооругандардын саны:

  Бардыгы Калктын 100 миңине
  октябрь ноябрь декабрь октябрь ноябрь декабрь
Кыргыз Республикасы 13 035 14 056 13 705 202 218 212
Баткен облусу 2 418 1 204 381 455 227 72
Жалал-Абад облусу 2 506 2 272 834 204 185 68
Ысык-Көл облусу 908 1 294 1 116 184 263 226
Нарын облусу 113 218 165 39 76 57
Ош облусу 2 508 1 335 469 185 99 35
Талас облусу 359 517 214 135 195 81
Чүй облусу 1 012 2 656 7 737 106 279 814
 Бишкек шаары 2 432 3 890 2 547 234 374 245
 Ош шаары 779 670 242 255 219 79

Өткөн жылдын декабрында ноябрга салыштырмалуу катталган коронавирус инфекцияларынын санынын төмөндөгөнү республиканын Чүй облусунан башка бардык аймактарда белгиленди.

Ал эми Чүй облусунда катталган учурлардын жалпы санынын жарымынан көбүн (56 пайызын) түзүп, дээрлик 3 эсеге көбөйдү.

Өткөн жылдын декабрында ноябрга салыштырмалуу калктын 100 миңине алганда оорулардын саны 2,7 пайызга төмөндөдү, ал эми октябрь айына салыштырмалуу, тескерисинче, 5 пайызга көбөйдү.    

Copyright © 2017 Maral FM