Марал Радиосу

Президенттин ант берүү аземин уюштуруу комитети түзүлдү

Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришүү аземин даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү. Тийиштүү жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кол койду.

Жарлыкка ылайык, инаугурация 28-январда өтөт. Уюштуруу комитетинин төрагасы болуп Президенттин аппарат жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов дайындалды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басарлары болушту.