Марал Радиосу

«Кут билимдин» окуучусу эл аралык олимпиадада жеңишке жетти

XVII Эл аралык Жаутыков атындагы олимпиадада «Кут билим» окуу-тарбия комплексинин окуучусу Асылбек Исмаилов жеңишке жетти. Бул тууралуу мекеменин социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 8-13-январь күндөрү математика, информатика жана физика сабактары боюнча XVII Эл аралык Жаутыков атындагы олимпиадасы онлайн форматта болуп өттү.

Кыргызстандын тайпасы 40 окуучудан түзүлүп, анын ичине «Кут билимдин» 3 окуучусу да катышып, алардын ичинен Асылбек Исмаилов 3-орунга ээ болуп, коло медаль тагынды.

Олимпиадага 20 өлкөдөн 1000ден ашык окуучу катышкан.