Марал Радиосу

Тажикстан: 2020-жылы азык-түлүк 40%га кымбаттады

Тажикстанда 2020-жылы айрым товарлар 42 %га чейин кымбаттаган.

Өлкөнүн Статистика агенттигинин маалыматы боюнча, 2020-жылы баалардын өсүшү байкалган:

Көптөгөн азык-түлүктүн баасы жалпысынан 13 пайызга жогорулаган.

2020-жылдын аягында Тажикстанда өнөр жай товарларына баалар 5,8 %га көтөрүлгөн.

«Баарынан да гигиена каражаттары, курулуш материалдары, дары-дармектер, кездемелер, кийим-кече жана бут кийим кымбаттады», — деп билдирет агенттик.

Мекеме өткөн жылы инфляциянын жалпы деңгээли пландалган 7 %дын ордуна 9,4 % га жеткенин кошумчалады.