18-январга карата Бишкек шаарында үч бейтап коронавирустан каза тапты. Өлкөдө бул оорудан көз жумгандардын жалпы саны 1387ге жетти.
Бир суткада 69 адамдан COVID-19 илдети аныкталды. Март айынан бери вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 83 178ге жетти.
18-январга карата оорудан 110 бейтап айыгып, сакайгандардын жалпы саны 79 104ди түзүүдө.
Акыркы сутка ичинде медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алгандар катталган жок, 4 кызматкер айыкты.
Март айынан бери 4158 медициналык кызматкер вирус жуктуруп алган, анын 4059у сакайды.
Ушул күндөрү ооруканаларда 790 бейтап дарыланып жатат, анын ичинен:
-7 адам канааттандыраарлык абалда;
-499у орто оордукта;
-244 бейтап оор абалда;
-40 адам өтө оор абалда.
Үй шартындагы дарыланууда 967 бейтап бар.