Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2020-жылдын январь-декабрында 2019-жылга салыштырмалуу 19,2 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.
Быйыл тышкы соода көлөмү 5,1 млрд доллар болду.
Экспорт 1,7 пайызга көбөйүп, импорттук келип түшүүлөр 27,3 пайызга кыскарды.
2020-жылдын январь-декабрында Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө мамлекеттери менен өз ара соодасынын көлөмү 2,1 млрд долларды түзүп, 2019-жылга салыштырмалуу 14,1 пайызга азайган.
Биримдикке жасалган экспорттук жөнөтүүлөр – 13,5 пайызга, импорттук келип түшүүлөр — 14,2 пайызга төмөндөдү.
Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө мамлекеттери менен соодасынын эң чоң үлүшү Орусияга туура келет, ал 64 пайыз. Андан кийин Казакстан менен соода алака 34 пайызды түзөт.