Биз менен байланышыңыз

Быйыл Кыргызстандын тышкы соода көлөмү 19% кыскарды

Кыска кабар | 14 Янв 2021 | 356 | 0

Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2020-жылдын январь-декабрында 2019-жылга салыштырмалуу 19,2 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.

Быйыл тышкы соода көлөмү 5,1 млрд  доллар болду.

Экспорт 1,7 пайызга көбөйүп, импорттук келип түшүүлөр 27,3 пайызга кыскарды.

2020-жылдын январь-декабрында Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө мамлекеттери менен өз ара соодасынын көлөмү  2,1 млрд долларды түзүп, 2019-жылга салыштырмалуу 14,1 пайызга азайган.

Биримдикке жасалган экспорттук жөнөтүүлөр – 13,5 пайызга, импорттук келип түшүүлөр — 14,2 пайызга төмөндөдү.

Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө мамлекеттери менен соодасынын эң чоң үлүшү Орусияга туура келет, ал 64 пайыз. Андан кийин Казакстан менен соода алака 34 пайызды түзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM