Марал Радиосу

Ипотекага үй алуунун жаңы механизми иштелип чыкты

Мамлекеттик ипотекалык компания жаңы механизмди ишке киргизди. Ал МИКтин туунду ишканасы «Ак-Босого» турак-жай-сактык кредиттик компаниясы тарабынан ишке ашырылат. Бул тууралуу аталган компаниянын жетекчиси Элмира Абжапарова «Маралга» берген маегинде билдирди.

Жаңы механизмге ылайык, турак-жайга керектүү сумманын тең жарымын 3-10 жыл аралыгында жарандар өздөрү топтойт. Калганын «Ак-Босого» турак жай-сактык кредиттик компаниясы берет.

«Ал үчүн жаран компания менен келишим түзүп, ай сайын топтомдорун жиберип турушу зарыл. Эсептеги депозиттер мамлекеттик колдоого алынат. Дагы бир чоң өзгөчөлүгү — турак-жайы бар жарандар да компаниянын кызматтарынан пайдалана алышат. Топтоодо чек жок, жаран мүмкүнчүлүгүнө жараша каражат чогултат. Мисалы сиз бир жылда аталган сактык-компаниясына 1 млн сом топтогонго жетишсеңиз, бирок ала турган үйүңүз 2 млн сомдук болсо, анда жетпеген сумманы компания кошуп берет. Ал эми сиз компанияга аталган каражатты 6% менен бир канча жылга бөлүп төлөп бересиз. Компания Улуттук банктын көзөмөлүндө иш алып барат, андыктан ишенимдүү. Бул — дүйнөдө таанылган механизм. Маселен, Европада экинчи дүйнөлүк согуштан соң турак-жай фондун ушул механизм аркылуу калыбына келтиришкен», — дейт Абжапарова.

Анын айтымында, «Ак-Босого» турак-жай-сактык кредиттик компаниясынын каражаттарын турак-жай сатып алуудан (же куруудан) сырткары үйдүн аянтын кеңейтүү, капиталдык оңдоп-түзөөгө да сарптай алышат. Мындай кызматтар чет жакта жүргөн мекендештер үчүн да каралган.

Абжапарова МИК дүйнөлүк тажрыйбаны анализдеп, жаңы ипотекалык насыялоонун механизмдерин ишке киргизүү максатын көздөөрүн кошумчалады.

Бишкектен батир сатып алуучуларга кеңеш