Марал Радиосу

Кыргызстанда 1 млн 82 миң 591 шайлоочу добуш берди

Кыргызстанда президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктары жарыяланууда. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын маалыматы боюнча, кечки саат 20.00гө карата шайлоого катышуу 33,92 пайызды түздү.

Шайлоо тилкелериндеги маалыматтар 81 пайыз келип түштү. Жалпы 1 млн 82 миң 591 шайлоочу добуш берди.

Автоматтык эсептөө урналардын алдын ала маалыматы боюнча, алдыңкы бештикте талапкерлер Садыр Жапаров, Адахан Мадумаров, Бабыр Төлбаев, Мыктыбек Арстанбек, Абдил Сегизбаев бар.

БШК шайлоо өткөндөн 20 күндөн кечиктирбестен, шайлоонун жыйынтыктарын аныктоосу керек. Ал эми референдумду өттү деп жарыялоо үчүн шайлоочулардын 30 пайыздан көбү добуш бериши шарт.

Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы. Жапаров алдыда