Марал Радиосу

Кыргызстандын муфтийи №1063 шайлоо тилкесинде добуш берди

Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев президенттик шайлоодо жана референдумда №1063 шайлоо участкасында добуш берди.

Муфтий бул шайлоонун тынч өтүүсүнө тилектештигин билдирип, мамлекетке, эл-журтка амандык, биримдик жана ынтымак каалады.

Өлкөдө президенттик шайлоо жана референдум өтүп жатат. Президенттикке 17 талапкер ат салышууда.