Вице-премьер-министр Максат Мамытканов шайлоочуларды добуш берүүгө активдүү катышууга чакырды. Бул тууралуу ал брифинг учурунда айтты.
Анын айтымында, өлкө боюнча жарандардын добуш берүүсү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. «Мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан президенттик шайлоого жана референдумга активдүү катышып бергиле. Муну менен сиз өлкөнүн тагдырына кайдыгер карабай, жаңы багытын тандап алганга көмөкчү болосуз», — деп кошумчалады Мамытканов.
Кошумчалай кетсек, бүгүн Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп жатат. Ошондой эле мамлекеттин башкаруу формасын тандоо үчүн референдум да чогуу өтүүдө. Өлкө боюнча 2400дөн ашуун шайлоо участогу иш алып барып жатат.